Кунарсыз жайыттарды жакшыртууга 3,5 млрд. сом жумшалат

Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Кунарсыз жайыттарды жакшыртууга 3,5 миллиард сом жумшалат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23 айылга үч миллион сомдон жалпы 75,6 миллион сомдон грант берилет.
"Малды туура багуу жана тоюттандыруу маанилүү ролду ойнойт. Тоюту сапаттуу мал ылаңдабайт, төлү, эти, сүтү, жүнү жакшы болот. Ошондуктан сапаттуу тоют камдоо зарыл. Бул үчүн колдонулбай, унутулуп калган ыкмалар сунушталат. Айрыкча малга пайдалуу силос, сенаж сыяктуу витаминге бай, тез сиңген жана азыктуулугу жогору тоюттар даярдалат", — деп айтылат маалыматта.
Өлкөдө 8,9 миллион гектар жайыттын 1,8 миллион гектары деградацияга учураганы айтылган.
РКӨФ Ысык-Көлдө бакча ишин өнүктүрүүгө 700 миң доллар бөлдү