Ата Мекендик согуш учурунда атайын негизделген орден. Видео

Улуу Ата Мекендик согуштун оту алоолонуп турган 1942-жылдын 10-апрелинде СССРдин ошол кездеги башчысы Иосиф Сталин тиешелүү жетекчилерге жаңы ордендин долбоорун даярдоону тапшырат.
Sputnik
Бул тапшырма Кызыл Армиянын оорук боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси, генерал Андрей Хрулёвго берилет. Эскиз даярдоо милдети сүрөтчүлөр Дмитриев жана Кузнецовго тагылган. Кузнецов жылдыздарга кайчылашкан кылычтарды койгон форманы, ал эми Дмитриев кызыл туу, жылдыздарды, калкан жана кылычты, эмен чамбарларынын сүрөтүн колдонгон вариантты сунуштаган.
Сталин Кузнецовдун долбоорун жактырып, бирок куралды башка түрүнө, тагыраагы, мылтык менен ийри кылычка алмаштырууну, ал эми аларды оролто ак эмаль менен "Ата Мекендик согуш" деп жазууну сунуштаган.
1942-жылы майда СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун жарлыгы менен Ата Мекендик согуштун I жана II даражадагы ордени уюштурулган. Бул кан күйгөн жылдарда пайда болгон биринчи сыйлык жана даражалары бар туңгуч орден болуп калды. Аны менен эр жүрөктүүлүгү, каармандыгы жана эрдиги үчүн жоокерлер, офицерлер сыйланган. Душманды жеңүүдөгү салымы үчүн ооруктагыларга да берилген.