Немистердин согуштагы мыкаачылыгын өмүр боюу эскерген ардагер

Sputnik
Улуу Ата Мекендик согушта кыргызстандыктар аябагандай чоң эмгек жана эрдик жасаган. Ооруктун эмгекчилери да согуш жылдары күндүр-түндүр эмгектенип, жеңишке салымы ат көтөргүс. Согушка аттанып, жанын оозуна тиштеп кан майданды көргөн кыргыз уулдарынын бири Касиет Таабалдиевдин өмүрү жана согуштагы эрдиги тууралуу баарлаштык. Касиет Таабалдиев согушта пулемотчу болгон. Ал жарадар болгондон кийин гана айылына жөнөтүлөт. Бир жылга жетпей Советтер союзу жеңишке жетишкен экен.