Негизи эле адамдан адам жаралуусу оңой эмес. Баланы жарык дүйнөгө алып келүүдө табигый төрөт жана операция жолу менен ишке ашат. Бирок кесарево жасатуу алда канча кооптуу жана аял үчүн да кыйын экенин дарыгерлер айтышууда. Кесарево бир гана дарыгердин көрсөтмөсү менен жасалат. Башкача айтканда аялдын жамбаш сөөк чарасы кичине болсо, толгоо учурунда суу кетсе да, жатын толук ачылбай койсо жана көзгө байланышкан бир катар оорулары бар болсо табигый жол менен төрөтүүгө болбойт.
“Ачык кеп” программасында врач Чолпон Авасова кесаревонун кооптуулугуна кеңири токтолуп, муну оңой деп ойлогондор жаңылышарын жана өзү төрөй ала турган келиндер эч качан операция жолу менен төрөбөшү керектигин айтты.