Бишкек шаарындагы эски лифттерди алмаштыруу иши кандай жүрүп жатат?

Sputnik
“Бишкекшаарлифт” муниципалдык ишканасы жүгү оор, орчундуу мидетти моюнуна арткан мекеме. Анткени шаар тургундарынын күнүмдүк жашоосунда орчундуу орунду ээлеген көп кабаттуу үйлөрдөгү лифттердин коопсуздугу, үзгүлтүксүз иштеши жана тейлөөсү дал ушул мекеменин жоопкерчилигинде. Күндө миңдеген адамдар түшүп чыккан лифттердин ишенимдүүлүгү өзгөчө мааниге ээ.
Бүгүнкү “Спутниктен сүйлөйбүз” программасында дал ушул ишкананын ишмердүүлүгү, алдыдагы пландары тууралуу сүйлөштүк. Биздин суроолорубузга “Бишкекшаарлифт” муниципалдык ишканасынын директору Кубанычбек Асылбеков жооп берди.