Быйыл сугат суу тартыштыгы болбойбу? — жаңы тариф жана үнөмдүү сугаруу ыкмалары

Sputnik
Өлкөдө сугат суусу былтыркыга караганда көбүрөөк топтолду. Быйыл топтолгон суунун көлөмү –1,5 млрд м3 түздү. 5 миң 800 кмге жакын ирригациялык канал тазаланып, учурда дыйкандарга суу берилип жатат. Ошол эле маалда сугат сууну үнөмдө үчүн тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу ыкмасы колдонулуп, жылына 5 миң га сугат жерлерине аталган ыкманы уюштуруу иштери аткарылууда. Мындан тышкары сугат сууга болгон тариф өзгөргөн. Анда төлөм аянтка жана иш жүзүндө берилген суунун көлөмүнө жараша жүргүзүлөт.
Мамлекет тарифтен түшкөн каражаттарды ички сугат каналдарын казууга, ар кандай айыл чарба техникаларын сатып алууга жана мураптардын айыл маянасын көтөрүүгө жумшайт. Мындай маалыматты “Күн башат” программасынын коноктору билдирди.