БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Владимир Зеленский Россия менен сүйлөшүүлөрдүн сунушталган бардык форматына макул экенин айтып, жолугушуу үчүн аянтча болуп берүүгө даярдыгын билдирген Ватиканга ыраазы болду. Бул тууралуу ал Telegram каналына Рим папасы менен жолуккандан кийин жазганын РИА Новости кабарлады.
Жума күнү Ыйык тактынын мамлекеттик катчысы, кардинал Пьетро Паролин Рим папасы Лев XIV Россия менен Украинага Ватиканда жолугушууну сунуштаганын билдирген.
"Украина менен Россиянын түз сүйлөшүүсү үчүн аятнча болуп берүүгө даярдыгын айткан Ватиканга ыраазычылык. Анык бир жыйынтыкка жетүү үчүн биз жолугушуунун бардык форматына макулбуз", — деп жазган Зеленский.
Тирешип жаткан тараптардын сүйлөшүүсүн өткөрүүгө Ватикан ылайыктуу экенин ишемби күнү АКШнын мамкатчысы Марко Рубио да айткан.
РФ президенти Владимир Путиндин сунушу менен Стамбулда 15-майга белгиленген жолугушуу өтпөй калып, эртеси болгон. Эки саатка созулган сүйлөшүүнүн натыйжасында тараптар туткун алмашып, тирешүүнү токтотуу боюнча сунуш берүүнү макулдашышкан. Мындан тышкары, Киев режими эки өлкө башчыларынын жолугушуусун өткөрүүнү өтүнүп, Россия аны эске аларын билдирген. РФ делегациясын баштап барган президенттин жардамчысы Владимир Мединский Россия сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экенин кошумчалаган.