УКМК Талас Бегалиев менен Күрөш федерациясынын экс-жетекчисин кармады

Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Көк бөрү жана Күрөш федерацияларынын мурдагы жетекчилери кармалды.
УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган деген шек менен үч адамды кармаган. Алардын катарында бир кезде ИИМ системасында иштеген Б.Т.К. маркум Дөө Чыңгыздын өкүл атасы болгону айтылат. Күч структураларындагы ишенимдүү булактар кеп Талас Бегалиев жөнүндө болуп жатканын билдиришти.
Мындан тышкары, Т.Ч. жана Т.А.Т. кармалганы айтылды. Ишенимдүү булактар Т.А.Т. — Асейин Төрөгелдиев экенин кабарлашты. Атайын кызмат ал Олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебин жетектеп, жаштарды кримчөйрөгө тартып турганы белгиленди.
"Көлбаевдин кылмыштуу тобунун лидерлери Анапияев жана Жумагулов Б.Т.К. менен сүйлөшүп алып, бир кишини курал менен коркутуп, 2 гектар жерин тартып алганын билдирди. Кийинчерээк ал жер Б.К.Т. жакын тууганына катталган", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, үч шектүү дагы бир кишини 300 миң долларга опузалап, акчаны Көлбаевге өткөрүп беришкен.
Б.Т.К. ИИМде иштеп турган маалда Көлбаевдин тобун калкалап, кызматтык маалыматтарды берип турганы кошумчаланды.
Чүйдө кыздын колун таңып, багажникке жүктөп кеткен делип эки киши кармалды