БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Мындан 103 жыл мурда ушул күнү СССРде Бүткүл союздук пионер уюму түзүлгөн. Кезегинде тестиер, өспүрүмдөр үчүн баалуу, барктуу болгон бул түзүм 69 жыл өмүр сүрүптүр.
Анын катарына 9-14 жаштагылар ант берип кабыл алынгандан кийин мойнуна кызыл жагоо байлап, пионердик төш белги тагышкан. Бул уюм кичүү муундарды, тагыраагы, жеткинчектерди кезегинде бир топ жакшы иштерге үндөгөн.
Мектептерде пионер отряддары, дружиналар, жайында лагерлер уюштурулган. Эң атактуусу "Артек" пионер лагери эле.
Советтер Союзу урагандан кийин, 1991-жылы, Бүткүл союздук пионер уюму да ишин токтоткон.
69 жыл ичинде кызыл жагоочондор уюмуна 10 миллиондон ашык бала кабыл алынган экен.