БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Оштун тургуну арстандын 8 айлык күчүгүн мыйзамсыз кармап жүргөн. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жаныбар министрликтин облустук башкармалыгынын рейди учурунда табылган.
Экологиялык көзөмөл кызматы жырткычты кармаган кишиге 20 миң сом айып салып, жаныбарды Ош шаарындагы зоопаркка убактылуу өткөрүп беришти.