"Жолду талкалап албайлы". Өлкөдө оор жүк ташыган машиналарга чектөө киргизилди

Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Салмагы 18 тоннадан ашкан автоунаалар күндүз, аптапта республика боюнча бардык жолдо жүргөнгө болбойт.
Транспорт министрлигинен аталган чечим жолдорду талкалап албаш үчүн кабыл алынганын, чектөө күзгө чейин болорун билдиришти.
Өлкө боюнча эми 19-майдан 1-сентябрга чейин күндүз ( саат 10:00 — 20:00 арасы) ысык 28 градустан жогору болсо, жүгү менен кошкондо салмагы 18 тоннадан ашып кеткен машиналар жолдо жүрбөшү керек.
Ал эми төмөнкүлөр жүрө бермекчи:
жүргүнчү ташыгандар ;
гуманитардык жардам, тез бузулуучу тамак-ашты жана кооптуу жүк алып бараткандар;
атайын уруксаттын негизинде ири жүктөрдү ташыгандар;
жол курууга жана оңдоого тартылган автоунаалар (берилген ордер боюнча).
Эске салсак, мындай чектөө бир аз күн мурда Бишкек шаарына киргизилген эле.
Бишкек мэриясы тыгын күчөгөн мезгилде товар ташууну чектөөнү сунуштады