БИШКЕК, 19-май — Sputnik. "Манас" аэропортунун IATA коду 9-августтан тарта FRU болбой, BSZ болуп өзгөртүлөт. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттиги билдирди.
Учурда эл аралык өнөктөштөр менен жаңы BSZ кодун колдонууга акырындап өтүү үчүн бардык иштер жүргүзүлүп жатат.
IATA коду дүйнө жүзү боюнча аэропортторду өзүнчө идентификациялоо үчүн колдонулат. Коддун алмашуусу авиация тармагында техникалык жана уюштуруучулук даярдыктарды талап кылат.