Көрүстөндү алдын ала ээлеп коюу тартибин бекитүү сунушталды. Чоо-жайы

Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кыргызстанда көрүстөндү алдын ала ээлеп коюу тартибин бекитүү сунушталды. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик демилгелеген документ коомдук талкууга чыгарылды.
Ага ылайык, нике күбөлүктүн негизинде жубайлардын бири брондоо укугуна ээ болот.
Жайды беш жыл ээлеп, улам узартып турууга мүмкүндүк берилет. Жалган маалымат бергенде жана жерди үчүнчү жактарга сатуу аракети болгондо бронь күйүп кетет.
Орокто айыл чарба жерин сөөк коюу үчүн сатып жүргөн киши кармалды