Бишкекте аутизм жана шал оорусу менен жабыркаган балдар үчүн атайын бакча ачылат

Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы аутист жана церебралдык шал оорусу (ДЦП) менен жабыркаган балдар үчүн атайын бакча ачууну пландап жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинде вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди.
Анын айтымында, былтыр баш калаада логопеддик багыттагы бала бакча ачылган.
"№61 мектепке кошумча корпус курулгандан кийин балдар башталгыч мектептин имаратына көчүрүлгөн. Ал имарат быйыл Капиталдык курулуш башкармалыгынын титулдук тизмесине киргизилген. Адистер чыгып, кайсы бөлмөлөр пайдаланыларын аныкташты", — деди Мозгачева.
Ал тендер жарыяланып, оңдоо иштери жүрүп жатканын, бүткөндөн кийин атайын бала бакча иштей баштаарын айтты.
Депутат Балбак Түлөбаев ("Ынтымак") мындай бала бакчаларды бардык ири шаарларга жана облустук борборлорго да ачуу керектигин айтты. Анын билдиришинче, аймактарда жашагандар Даун синдрому менен жабыркаган балдардын үйдө отурууга мажбур болуп жатканын айтып даттанышат.
Көп кабаттуу үйлөрдүн 1-кабатына жеке бала бакча, мектеп ачууга уруксат берилди