Токмокто жип ийрүү фабрикасы жанданып, Ысык-Атада тери завод курулат

Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Жүндү жана терини кайра иштетүү тармагы жандандырыларын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.
Анын айтымында, учурда жүн менен терини кайра иштетүүдө олуттуу көйгөйлөр бар. Маселени чечүү максатында Токмоктогу "Касиет" нооту жип ийрүү фабрикасын жандандырып, кайра ишке киргизүүгө 913,5 миллион сом каралууда. Ошону менен катар уяң жүндү кайра иштетүү үчүн меринос койлорунун санын көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлөт.
"Азыр союлган малдын териси жараксыз абалда калып, колдонулбай ыргытылууда. Көйгөйдү чечүү үчүн Ысык-Ата районунда ири тери заводу курулат. Учурда бул долбоорду ишке ашыруу алдында турабыз", — деп кошумчалады Төрөбаев.
Өлкөдө үч жыл ичинде 180-200 миң уйду жасалма уруктандыруу пландалууда