БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кыргызстанда үч жыл ичинде 180-200 миң уйду акысыз уруктандыруу пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр Бакыт Төрөбаев Нарын облусунан өнөктүккө старт берген.
"Министрлер кабинети 17,5 миллион сомго 160 комплект жасалма уруктандыруу шаймандарын сатып алууда. Бул шаймандар жакында бардык аймактардагы техник-уруктандыруучуларга берилет. Бюджеттен кошумча 60 миллион сом бөлүнүп, элита классындагы 270 миң доза урук сатып алынып, үч жыл ичинде 180-200 миң уйду акысыз уруктандыруу пландалууда", — деген Төрөбаев.
Жасалма уруктандыруу — малдын асылдуулугун жакшыртуу багытында көрүлгөн чараларды бири. Министрлик бул ыкма менен төрт түлүктүн эттүүлүгүн, сүттүүлүгүн көбөйтсө болорун айтып келет.