ЖОЖго берилген автобус ноутбуктар, окууга керектүү проектор жана дагы бир топ аппаратура менен жабдылган. Лаборатория орус тили боюнча сабактар, семинарлар, лекция, мастер-класс сыяктуу көчмө иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
16 орундуу мектеп автобусу аскер кызматкерлеринин балдарын ташыйт.
"Евразия" уюмунун кеңешинин төрайымы Алена Аршинова бул Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы алаканы бекемдөөгө дагы бир тепкич экенин белгиледи.
"Аскер кызматкерлеринин балдары улуттук музейлерге барып, республикалык деңгээлдеги иш-чараларга катыша алат. "Евразиялык мобилдик билим берүү лабораториясы" долбоору Кыргызстандын алыскы аймактарындагы мугалимдер менен окуучуларга сапаттуу кошумча билим алууга шарт түзүп берет. Бул республикада ишке ашырылып жаткан биринчи долбоор эмес, ушу тапта мугалимдерибиз орус тилинен сабак берип жатышат, окуучулар "Евразия" берген 100 автобус менен мектепке барып келүүдө. Мындан тышкары, "Евразиялык лицей" долбоорунун алкагында Кыгызстандагы бир нече мектепти капиталдык оңдоого каражат бөлдүк", — деди Аршинова.
Тема боюнча: