Радио

Мамытов: криптовалютанын келечеги белгисиз, узак пландарды түзүүнүн кажети жок

Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов криптовалютанын келечегине саресеп салды.
Sputnik
Криптовалюта санарип акча катары популярдуулукка ээ болуп жатканы менен туруксуз келет. Ошондуктан да каржы адистери бул тармакта узак убакытка эсептелген пландарды түзүүнүн кереги жок дешет. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан крипторынокко кечирээк баш багууда.
"Өзүнүн айлантууга ыңгайлуулугу, белгилүү бир көзөмөлдөөчү органга байланбаганы менен криптовалюта популярдуулукка жетип жатат. Ошол эле учурда аны олуттуу каржы катары карап, мамлекеттер аралык алака жүргүзүүгө эч бир өлкө ашыккан жок. Анткени анын келечеги бүдөмүк, туруксуз каражат. Криптовалюта бир күндө бир нече ирет арзандап-кымбаттап турган турксуздугу жана жалпы эле табиятынан пайдубалынын бошоңдугу аны олуттуу кароого бөгөт коет. Ошентсе да учурда популярдуу болуп жаткандыктан колдонуп калса болот. Криптовалютаны көбүк катары элестетүү керек. Чоңоюп отуруп бат эле жарылып калат эмеспи. Ошол сыяктуу бул да кайсы бир күнү жарылып кетүүчү система. Жарылганча кыска пландарды түзүп, пайдаланып калууга мүмкүн. Бул үчүн кеңеш куруп, акылдашып убакыт корото бербей ишке өтүү зарыл", — деди Мамытов.
Экономист карапайым калкка криптовалютанын сиңип кетпей жатканына да токтолду.
"Жалпы калкка сиңип, фиаттык же электрондук акчанын ордун басып кете албайт. Анткени, биринчиден, санариптик, экинчиден, технологиялык маалыматтык кыйынчылыктар менен коштолгон криптовалюталар жалпы элге сиңип кетиши кыйын. Кайсы бир бөлүгү, өзгөчө жаштар гана кызыгып колдонуп, ал эми масса маани бербей эле кала берет. Себеби бардык эле коом туруктуулукту баалайт", — деди ал.
Мамытов криптовалютанын дагы бир кооптуулугу аны ар бир адамдын чыгара алгандыгында экенин кошумчалады.