Быйыл иш-чара "Өзгөрүүлөрдүн мезгилиндеги музейлердин келечеги" деген ураан алдында болду.
Музейдин алдындагы сахнада театр артисттери өнөрүн тартуулап, элди майрамдык шаңга бөлөштү.
Шаардыктар мастер-класстарга күбө болушту. Келгендер өзүн бир катар тармакта сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.