Түйшүгү да бактысы да тоодой мугалимдик кесип – Чемпиондорду даярдаган Мамат Ишматов

Sputnik
Мугалимдик татаал жана түйшүктүү кесип, бирок бактысы да тоодой. Анын иши күлүк таптаган саяпкерге салыштырса болот. Бирок анын жанында түйшүгү түмөн. Анткени ал жөн гана баарын билген окуучуну эле эмес, жакшы адамды да тарбиялашы керек. Бул чынында эң кыйын, эң татаал милдет экенин башка тармактын адамдары да моюндап келишет. Адамгерчиликтүү, мыкты билимдүү балдарды даярдап коомго кошуу ар бир мугалимдин кыялы.
Дал ушундай улуу кыялды ээрчип, мугалимдик жүктү тартып келе жаткан "Газпром Кыргызстан" мектебинин олимпиадалык борборунун жетекчиси Мамат Ишматов жана анын шакирттеринин бири Адилет Шакиралиев “Стимул” программасында конокто болду.