Акушерлик кызматтар жакшырды, бирок кадр жетишсиздиги көйгөй болууда — себеби эмнеде?

Sputnik
Өлкөдө акыркы жылдары акушерлик кызматтардын сапаты жогорулап, эне жана бала саламаттыгын сактоого өзгөчө көңүл бурулууда. Акушерлер аялдарды кош бойлуу кезинен тарта көзөмөлдөп, төрөткө даярдоо жана төрөттү коопсуз кабыл алуу боюнча иштерди активдүү жүргүзүп жатышат.Бул кызмат жүктүү аялдардын жана жаңы төрөлгөн наристелердин өмүрүн сактап калуудамаанилүү роль ойнойт. Төрөт учурундагы тобокелдиктерди азайтып, энелерге өз убагында медициналык жардам көрсөтүүгө шарт түзөт. Мындан сырткары, эненин төрөттөн кийин калыбына келүүсү, ымыркайды туура эмизүү алардын көзөмөлүндө болот.
Бул тууралуу №4 төрөт үйүнүн жогорку категориядагы акушери Дильбар Бердикеева маалымдады. Анын айтымында, акыркы жылдары баланы эмизүүдөн баш тарткан энелердин саны өсүүдө.