БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Сокулукта кыздын денесине жаракат келтирип, колун скотч менен таңып, унаанын багажнигине жүктөп кетүүгө шектелип эки киши кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБ маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, 16-майда Сокулук РИИБине 1995-жылы туулган А.А. аттуу кыз кайрылган. Ал арызында А.М. аттуу жигит менен дагы бир адамга чара көрүүнү өтүнгөн.
Милициядан факт боюнча "Адам уурдоо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, 26 жаштагы А.М. менен анын 25 жаштагы Р.И. аттуу досу кармалганын айтышты. Тергөөнүн жүрүшүндө арыз ээсинин А. М. менен мамиле куруп жүргөндүгү белгилүү болгон. Жигит досу менен кызды ала качуу тууралуу сүйлөшүп алып, анын жашаган жерине барышкан. Бишкек — "Манас" аэропорту жолунда баратып кыз-жигит уруша кеткен. Милициянын маалыматында андан кийин А.М. кыздын денесине жаракат келтирип, досу экөө колун скотч менен байлап, багажникке салып кетишкендиги айтылат.
Тиешелүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, унаа айып короого токтотулган. Ал эми шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди, тергөө уланууда.