Путин: Россия АКШнын улуттук кызыкчылыгына урмат-сый менен мамиле жасайт

Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Россия АКШнын улуттук кызыкчылыгына урмат-сый менен мамиле жасап, өзүнүн улуттук кызыкчылыгына да ошондой эле мамилени күтөт.
Бул тууралуу РФ лидери Владимир Путин “Россия” телеканалынын журналисттери Саида Медведева менен Павел Зарубин тарткан "Россия. Кремль. Путин. 25 лет" фильмине кирбей калган кадрларында айткан. Тасманын элге чыкпаган бөлүктөрүн Павел Зарубин өзүнүн Телеграм каналына жарыялаган.
“Америкалыктардын, өлкө башында турган жетекчиликтин өзүнүн улуттук кызыкчылыктары бар. Биз буга сый-урмат менен мамиле жасайбыз, кайра ушундай эле мамилени күтөбүз”, — деген Путин АКШ менен алака тууралуу суроого жооп берип жатып.
Путин менен Трамптын “жолугушуусу” украин аткаминерлеринин уйкусун качырды