РФ Мамдумасынын төрагасы Вячеслав Володин Кыргызстанга келди

Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кыргызстанга Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин расмий сапар менен келди. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.
Конокту "Манас" эл аралык аба майданынан вице-спикер Нурланбек Азыгалиев жана Россия менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Элдар Сулайманов тосуп алган.
1 / 2

Кыргызстанга РФ Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин расмий сапар менен келди

2 / 2

Сапардын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен Вячеслав Володиндин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү белгиленген

Сапардын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен Вячеслав Володиндин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү белгиленген. Ошондой эле Мамдума төрагасы Бишкекте өтө турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин көчмө жыйынына катышат.
Пресс-борбор
Мирошник: Россия Кыргызстанды Украинанын аракетинен кабардар кылып келет