Жаан-чачындуу болот. Бир жумага карата аба ырайынын божомолу

Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кыргызгидромет 19-майдан 25-майга чейин өлкө ичинде аба ырайы кандай болору тууралуу божомолду таратты.
Ага ылайык, дүйшөмбүдө көпчүлүк аймакта жаан-чачын жаайт. Шейшемби жана шаршембиде ачылганы менен андан кийинки күндөрү кайра асманды ала булут каптап, тоолуу райондордо кар, дыйканчылык аймактарда жаан жаашы күтүлөт.
Бардык аймактарда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 19-майда күңдүз 14 метрге жетиши ыктымал экени айтылды.

Чүй, Талас

Аймактарда 20-21-май күндөрү гана күн ачык, калган убакта тоолуу аймактарда кар, дыйканчылык жерлерде жаан жаашы күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен

Түштүк аймактарда 20-22-майда жаан-чачын болбойт.

Ысык-Көл, Нарын

Түндүк тарапта 20-22-майда жаан-чачын күтүлбөйт.
Жаан-чачын аз, ысык болот. Июнга карата аба ырайынын божомолу