Баткен районуна айыл чарба багытындагы эки ишкана салынды

Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Баткен районунда айыл чарба багытындагы эки ишкана ачыларын президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Ак-Татыр айылындагы мөмө-жемишти кайра иштетүүчү жана кургатуучу муниципалдык ишкананын курулушу аяктап, продукциясын тесттик режимде чыгарган.
Курулушка Баткен облусун өнүктүрүү программасынын бюджетинен 22 миллион сом бөлүнгөн.
“Бул жай иштеп баштаса жергиликтүү тургундар жумуш менен камсыз болот, айыл аймактын киреше булагы артып, жергиликтүү багбандарга түшүмүн сатууга шарт түзүлөт”, — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Жаңы-Жер айылына айыл чарба продукциясын сактоочу логистикалык борбор курулуп, тесттик режимде иштеп жатат. Курулушка Баткен облусун өнүктүрүү программасынын бюджетинен 7 млн, жергиликтүү бюджеттен 3 млн, чет элдик өнөктөш уюмдан 17,1 млн сом бөлүнгөн.
Ишкананын кубаттуулугу 500 тоннаны түзөт, анда 10 адам жумуш менен камсыз болору айтылды.
Баткендин Төрт-Гүлүндөгү арак-шарап заводу мамлекетке кайтарылды. Видео