Боомдо таш кулатылып, жол төрт күнгө жарым-жартылай жабылат

Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 128-чакырымындагы Боом капчыгайынын аймагында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" улуттук ишканасы маалымдады.
Мекеме жолдун жогоруда көрсөтүлгөн бөлүгү темир жолдун 3898-чакырымы болорун белгилеген. Анда таш түшүрүү иштери 19-майдан 23-майга чейин жүрүп, жол жарым-жартылай жабылат. Жумуш саат 09:00дөн 15:00гө чейин болот, жол тазаланган учурда унаалар бир тилке менен өткөрүлөт.
Ишкана элди бул багыт боюнча сапарды алдын ала пландоону эскертип, мындай аракеттер темир жолдогу коопсуздукту сактоо үчүн жасаларын кошумчалады.
Бишкек: жайында оор жүк ташуучу автоунааларга убактылуу чектөө киргизилет