19-майга карата аба ырайы

19-майга караган түнү көпчүлүк аймактарда күн күркүрөп, жаан жаайт, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз өлкөнүн айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй аймагында 20…25, Таласта 19…24 Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 23…28, Ысык-Көл менен Нарын жеринде 15...20 градус жылуу болушу күтүлөт.
Бишкекте күндүн табы 21…23, Ош шаарында 26…28 градуска жетери болжолдонду.
Жаан-чачын аз, ысык болот. Июнга карата аба ырайынын божомолу