Кыргызстан эмгек рыногун жакшыртуу боюнча ЕАЭБде 2-орунда

Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кыргызстан ЕАЭБде жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүүдө олуттуу өсүштү көрсөттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Соңку беш жылда Кыргызстан эмгек рыногундагы кырдаалды жакшыртуу темпи боюнча ЕАЭБде экинчи орунга чыгып, жумушсуздукту төмөндөтүүдө олуттуу прогресс жараткан.
"ЕАЭБдеги жумушсуздукту төмөндөтүү боюнча Кыргызстан 2,2 пайыздык пунктуга төмөндөгөн — 2021-жылдагы 6,3 пайыздан 2023-жылы 4,1 пайызга жеткен. Бул көрсөткүч менен өлкө биримдиктегилердин ичинен Армениядан гана артта калган. 2025-жылдын январь-апрелинде өлкөдөгү жумушсуздардын саны 47,3 миңди түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22 пайызга аз (60,4 миң адам)", — деп айтылат маалыматта.
Бул мамлекеттин иш менен камсыздоо, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, экономикалык активдүүлүктү стимулдаштыруу боюнча программаларынын натыйжасы экени белгиленген.
Кыргызстан менен ЕАЭБ ортосундагы сооданын көлөмү 7,8%га өстү