БИШКЕК, 17-май — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Россия лидери Владимир Путин менен жолугууга ишеним артып жатканын Fox News телеканалына интервью берип жатканда сөз кылганын РИА Новости жазды.
"Менсиз келишим (Украина боюнча — ред.) түзүлбөйт. Андыктан жолугуш керек, бир пикирге келебиз деп ойлойм", — деген Трамп.
Андан мурдараак да жолугушуу боюнча башкачараак мүнөздө айткан.
"Бул маселени чечебиз деп турам, балким, чечпейбиз. Эмне болгон күндө да абалды, эмне болуп жатканын билип калабыз”, — деп Бириккен Араб Эмирликтеринен кайтып баратканда учактан журналисттерге жооп берген.
Мурдараак РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Путин менен Трамптын жакын арада жолугушуусу боюнча эч кандай даярдык көрүлбөгөндүгүн, бул маселе талкууланбагандыгын айткан.
Эске салсак, кечээ Стамбулда Россия менен Украина делегация мүчөлөрү жолукту. Делегация жетекчиси, РФ президентинин жардамчысы Владимир Мединский сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттангандыгын билдирген.