БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Россияны Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ал 18-майда кыргызстандык кесиптеши, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен жолугат. Анда мамлекеттер аралык кызматташууну жана парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү талкууланмакчы.
Володиндин сапардын алкагында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) кеңешинин көчмө жыйынына катышары айтылды.
Аталган жыйын 19-майда Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтөт. Ага Кыргызстан, Россия, Казакстан, Тажикстан жана Беларусь парламенттеринин төрагалары катышат.