1990-жылдардын аягында жана 2000-жылдардын башында "Өзбекстан ислам кыймылы"* уюмунун куралдуу топтору Баткен облусуна чейин кирип келген. Бийлик өлкөнү коргоо максатында 2003-жылы Кант шаарына Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) авиабазасын жайгаштырууну чечкен.
Авиабаза совет мезгилиндеги авиациялык окуу жайдын ордуна жайгашкан. Бул жерде бир кезде учкучтар даярдалчу. Аэродромду жана аскердик бөлүктү калыбына келтирүүгө Россия 70 миллион рубль бөлгөн. Кантка учактар, тик учактар жана башка аскердик техника жеткирилген.
Учурда "Кант" авиабазасы Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү жана укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташууда. База биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүүдө колдонулат. Ошондой эле абадан коргонуу каражаттары жана пилотсуз учуучу аппараттар менен камсыздалган.
*Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм
*Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм