БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы июнда эки беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Футбол союзунан кабарлашты.
Беттештер 2026-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында болот.
5-июнда кыргызстандык футболчулар Түндүк Корея менен беттешет. Бул оюн нейтралдуу аймакта — Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында өтөт. Ал эми 10-июнда команда БАЭ спортчуларын өз үйүндө — Бишкекте кабыл алат.
Бул беттештерге даярдык көрүү үчүн курама команда 26-майда Бишкекте машыгуусун баштайт да, 30-майдан аны Сауд Арабияда улантат. Команданы башкы машыктыруучу Максим Лисицын жетектейт.
Учурда биздин команда алты упай менен тайпада бешинчи орунда турат. Эгерде 3-4-орунду камсыздай алса, октябрда боло турган төртүнчү раундга өтөт.