БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Бишкектин жолдорунда 18 тоннадан ашык жүк салган автоунаалар күндүз жүрө албайт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Мэрия жолдордун талкаланып калбашы үчүн 20-майдан 1-октябрга чейин чектөө киргизди. Ал саат 09:00дөн 19:00гө чейин, температура 28 градустан жогору болгондо күчүндө болот.
Чектөө төмөнкү жүк ташуучу автокөлүктөргө тиешелүү эмес:
гуманитардык жардамды, азык-түлүктү жана күйүүчү майларды ташыгандар;
атайын уруксаттын негизинде өзгөчө жана ири жүктөрдү ташыгандар;
жол куруу, оңдоо жана мамлекеттик же коомдук маанидеги объектилерди куруу иштерине пайдаланылган техникалар.