Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп Россияга "оңдурбай турган" санкция киргизиши мүмкүндүгүн жар салды

Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Украина боюнча келишим түзүлбөсө Россияга каршы "оңдурбай турган" санкциялар киргизилиши мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Fox News телеканалына берген маегинде Трамп Россияга кошумча санкциялар киргизилиши мүмкүнбү деген суроого жооп берген.

"Эгер келишим түзүлбөсө санкцияларды киргизем", — деди ал.

Трамп бардык зарыл чаралар көрүлгөнүн белгилеп, эми натыйжасын күтүү убактысы келгенин айтты.
"Үндүктү устукандачу мезгил жетти. Эмне болорун көрөбүз", — деди ал.
Анын айтымында, жаңы санкциялар Россия үчүн "оңдурбашы" мүмкүн.
"Алардын экономикасы азыр оор абалда, мунайдын баасы төмөн", — деп кошумчалады АКШ президенти.
Стамбул диалогу: РФ делегациясы Россия — Украина кабыл алган чечимди айтып берди