Путин менен Трамптын “жолугушуусу” украин аткаминерлеринин уйкусун качырды

Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Украинадагы аткаминерлер Россия, АКШ лидерлери Владимир Путин менен Дональд Трамптын жолугушу мүмкүн деген кабардан кийин тынч уктай албай калды. Бул тууралуу Telegraph басылмасы жазганын РИА Новости билдирди.

"Бул (Путин менен Трамптын жолугушуусу — ред.) украиналык аткаминерлерди эң көп кооптондурууда. Мындай жолугушууда Путин Трамптын көңүлүн толук өзүнө буруп, алардын кызыкчылыгын жактаган ортомчу болбой калмак", — деп жазат басылма.

Материалда жолугушуу тууралуу сөздөрдүн өзү эле АКШдан Россияга каршы санкцияларды үмүт кылып жаткан ЕБ лидерлерин “жакка жегендей” абалда калтырганы белгиленген.
Жума күнү Трамп мүмкүнчүлүк болгондо Путин менен жолугарын билдирген. Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио мындай саммит Украина маселесин жөнгө салуунун жалгыз жолу болушу мүмкүн экенин айтып, кездешүүнү так датасы азырынча белгисиз экенин кошумчалаган.
Кремль өкүлү Дмитрий Песков да бул саммитти зарыл деп, эл аралык маселелерди, анын ичинде Украинадагы жаңжал боюнча олуттуу диалог керек экенин белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп Путин менен жолугууга ишенип турганын айтты