Жаан-чачын аз, ысык болот. Июнга карата аба ырайынын божомолу

Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кыргызгидромет июнь айына карата аба ырайынын божомолун жарыялады.
Июнда абанын айлык орточо температурасы
Кыргызстанда абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градус жогору, жаан-чачын нормадан төмөн болору айтылды.
Июндагы жаан-чачындын айлык көлөмү

Чүй облусу

Аймакта абанын температурасы түнкүсүн 7...12ден 17...22 градуска чейин, күндүз 28...33төн 34...39 градуска чейин көтөрүлөт. Кээ бир күндөрү 22…27 градус жылуу болушу мүмкүн.

Талас облусу

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 6...11ден 15..20 градуска чейин, күндүз 22...27ден 31...36 градуска чейин чыгат.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

Аймактарда абанын температурасы түнкүсүн 10...24 болсо, күндүз 24...39 градуска чейин жетери айтылды.

Ысык-Көл облусу

Региондо абанын температурасы түнкүсүн 4...9дан 12...17 градуска чейин, күндүз 17...22ден 27...32 градуска чейин ысык болору божомолдонду.

Нарын облусу

Июнь ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2...7ден 10...15 градуска чейин, күндүз 17...22ден 27...32 градуска чейин ысык болору айтылды.
Шашылыш билдирүү: тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн