БИШКЕК, 17-май — Sputnik. 89 жылдан бери эң ысык 16-май кечээги күн болгону "Погода и климат" сайтындагы мониторингде айтылат.
Анда 1936-жылдан 2025-жылга чейинки ар бир күн боюнча маалымат жарыяланган. Бул аралыктагы, тагыраагы, 89 жыл ичиндеги 16-май күндөрү орточо температура 28,5 градус болуп келген. Ал эми кечээ термометр 35,2 градусту көрсөттү.
16-майдын эң суук учуру 1964-жылы катталган, ал күнү температура араң 1,5 градуска жеткен.