БИШКЕК, 17-май — Sputnik. 18-май, жекшембиде күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөйт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл жана Баткен облустарында +22...+27, Талас аймагында +21...+26, Ош, Жалал-Абадда +23...+28, Нарын жергесинде +20...+25 градус болушу күтүлөт.
Бишкекте ала булут каптап, түндө жана эрте менен жамгыр жаашы мүмкүн. Термометр +23...+25, ал эми Ош шаарында күн ачык болуп +24...+26 градусту көрсөтөт.
18-майга караган түнү айрым жерлерде күн күркүрөп, жамгыр жаагандан сырткары бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 15-20 метрге жетет.