БИШКЕК, 16-май. — Sputnik. Украин жаңжалын АКШ жана Россия президенттери Дональд Трамп менен Владимир Путиндин жолугушуусу гана чече алат, бул — абалды жөнгө салуунун жападан жалгыз жолу. Мындай билдирүүнү АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жасаганын РИА Новости жазды.
Анткен менен ал жолугушуунун убакыт-сааты белгисиз экенин кошумчалаган.
"Президенттердин качан каерде жолугары белгисиз, бирок бул — тирешүүгө чекит кое турган жалгыз мүмкүнчүлүк", — деген Рубио.
Бейшемби күнү АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин террорчулукка каршы күрөшүү маселелери боюнча улук директору Себастьян Горка жакын арада Владимир Путин менен Дональд Трамптын жолугушуусу күтүлүп жатканын билдирген. Кечээ Стамбулда өтчү Россия менен Украинанын сүйлөшүүлөрү бүгүнкүгө жылган.
Өткөн жумада Россия президенти Владимир Путин Украинага эч кандай алдын ала шарт койбостон түз сүйлөшүүлөрдү жандантууну сунуштаган. Өлкө башчы жолугушуу учурунда ок атышуу токтоп калышы мүмкүн экенин да четке каккан эмес.