Стамбул диалогу: РФ делегациясы Россия — Украина кабыл алган чечимди айтып берди

Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Россия, Украина делегацияларынын Стамбулдагы сүйлөшүүсү эки саатта аяктаганын РИА Новости билдирди.
Россиялык делегация украин тарап менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттангандыгын делегация жетекчиси, РФ президентинин жардамчысы Владимир Мединский билдирди.
Анын билдирүүсүнүн урунттуу жерлери:
Украина менен 1000ге 1000 кылып (башма-баш) туткун алмашууну жарыялады;
Киев президенттердин жолугушуусун өтүнүп, Россия муну эске алды;
Тараптар ок атууну токтотуу шарттарын ар бири өзүнүн көз карашы менен майда болсо да маанилүү учурларды жазып чыгууга макулдашты;
Россия Украина менен сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр.
Өз кезегинде Киев делегациясынын башчысы Рустем Умеров жакын арада кийинки сүйлөшүүлөрдө талкуулана турган нерселерди айтып берерин билдирди. Ал ошондой эле тараптар бүгүн ок атууну токтотуу жана туткундагыларды алмашуу тууралуу сүйлөшкөнүн кошумчалады.
Өткөн жумада Путин Украинага эч кандай алдын ала шарт койбостон түз сүйлөшүүлөрдү жандантууну сунуштаган. Мамлекет башчысы жолугушуу учурунда ок атышуу токтоп калышы мүмкүн экенин да четке каккан эмес.
Мирошник: Россия Стамбулда сүйлөшүү уюштуруу үчүн бардыгын жасады