БИШКЕК, 16-май. — Sputnik. Россия менен Украинанын Стамбулда болот деп жаткан жолугушуусу бейшемби күнү өтпөй калды.
РИА Новости өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен 16-май күнү Россия, Украина жана Түркия, андан соң Украина, Түркия жана АКШнын сүйлөшүүсү өтөрүн кабарлады. Азырынча жолугушуу Бишкек убактысы боюнча саат 13.00дө болору күтүлүп жатат.
15-майга белгиленген сүйлөшүүлөргө россиялык делегацияны РФ президентинин жардамчысы Владимир Мединский баштап келди. Ал эми Украинадан Владимир Зеленский башында турган топ алгач Анкарага келип, Киев режиминин жетекчиси Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолуккандан кийин гана делегациясынын курамын бекитти. Бирок украин тараптын Стамбулга барган-барбаганы ушу тапта белгисиз.
Мединский Россиянын Стамбулдагы Башкы консулдугунан билдирүү таратып, делегациянын негизги максаты узак мөөнөттүү тынчтыкты орнотуу жана жаңжалдын түпкү себептерин жоюу экенин, бул сүйлөшүүлөрдү 2022-жылы үзгүлтүккө учураган тынчтык процессинин уландысы катары карай турганын белгиледи.
Кечинде РФ делегациясы менен Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан жолугуп, андан кийин россиялыктар консулдуктан кеткен.
РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Зеленский сүйлөшүү процессин атайылап создуктуруп жатканын айтты.
Ал арада АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Украина маселесин чечүү боюнча кандайдыр бир жылыш Путин менен Трамптын жеке жолугушуусунан кийин гана болушу мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, Вашингтон Стамбулдагы жолугушуудан көп нерсеге үмүт артпайт.