Пресс-борбор

Мирошник: Россия Кыргызстанды Украинанын аракетинен кабардар кылып келет

Sputnik
БИШКЕК, 16-май. — Sputnik. Россия Украинанын нагыз аракеттери тууралуу фактылар менен Кыргызстанды кабардар кылып жатканын РФ ТИМинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошник Sputnik агенттигинин маалымат борборундагы брифингде билдирди.
Дипломат украин режими жарандык объектилер менен калкка сокку уруп, Россияга таасир этүүгө аракет кылганын, бул Киевдин негизги багыты болуп калганын белгиледи. Мирошниктин айтымында, мунун баарын тастыктаган документтер БУУнун Коопсуздук кеңешине жана укук коргоочу эл аралык уюмдарга берилүүдө.
"Булар тууралуу да айтып жатабыз. Кыргызстандын расмий позициясы виртуалдык дүйнөнү элестетип, миф жараткан Батыш тараптын айтканына эмес, чыныгы, так маалыматка негизделиши керек", — деди Мирошник.
Дипломат Кыргызстанда үч күндөн бери лекция окуп, тегерек столдорго катышып жатканын, бул жааттагы эксперттер көп нерседен маалымдар экенин кошумчалады.
Пресс-борбор
Мирошник: Киев Стамбулдагы сүйлөшүүнү шоуга айлантууга аракет кылды