Бишкектин четине Борбор Азиядагы көрүнүктүү аттракцион салынат. Курулуштан видео

Бишкектин четине Борбор Азиядагы көрүнүктүү аттракцион орнотулат. Ал учурда курулуп жаткан "Евразия" паркында жайгашып, кыргызстандыктар акысыз эс алышат.
Sputnik
РФ Мамдума депутаты, "Евразия" бейөкмөт уюмунун төрайымы Алёна Аршинова "Евразия" коммерциялык эмес уюму менен Кыргызстандын мамилеси жөн гана кызматташтык эмес деди.
"Бул – бир тууган элдердин жаркын келечеги үчүн бири-бирин колдоонун негизинде жаралган бекем достук", — деген Аршинова.
Аталган уюм куруп жаткан эс алуу жайы жыл бою иштей берет. Анда аквазона, муз тебүүчү жай жана стадион дагы болот. Мындан тышкары, эс алуучулар байыркы жаныбарлардын айкелдери орнотулган динопаркта сейилдеп, чер жазышат.
"Евразия. Кыргызстан" уюмунун директорунун орун басары Каныбек Жумабаев аттракциондордун баары заводдон жаңы алынганын айтты.
"Аларды эксплуатациялоо коопсуздук техникасынын талаптарына ылайык жүрүшү үчүн фонд башкаруучу компаниянын милдетин алып, ушул аттракциондорду тейлейт", – деген ал.
Тема боюнча:
Бишкекте Улуу Жеңиштин урматына салтанаттуу концерт өттү. Видео