БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Татарстанда өтүп жаткан KazanForum – 2025 форумунда кыргыз адал өндүрүшчүлөрүнүн Соода үйү ачылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ачылыш аземге Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев, Адал индустриясын өнүктүрүү борборунун директору Алмаз Кайырбеков жана өлкөнүн Казань шаарындагы башкы консулу Эрик Бейшембиев катышкан.
"Бул Соода үйү кыргыз өндүрүшчүлөрүнө жаңы рынокко чыгууга шарт түзүп, сатууну жана кирешени көбөйтүүгө, ошондой эле ишкерликти жана экономиканы өнүктүрүүгө түрткү берет", — деп жазылган маалыматта.
Форумдун алкагында Кыргызстандагы Адал индустрия борбору менен Татарстан мусулмандарынын диний башкармалыгына караштуу Адал стандарт комитетинин ортосунда өз ара таануу боюнча меморандумга кол коюлганы кошумчаланды.