Бишкектин мурдагы вице-мэри Мирлан Амантуров кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Бишкектин мурдагы вице-мэри Мирлан Амантуров кармалганын бизге ишенимдүү булактар кабарлады.
Мирлан Амантуров
Чүй ОИИБинин расмий маалыматында, ал "М" ЖЧКсынын директору экени айтылат. Амантуров Лебединовкадагы соода-логистикалык жайдын жолун жасап берем деп бирөөнүн 90 миллион сомдук мүлкүн менчиктеп алууга шектелүүдө.
Милиция мурунку вице-мэр мүлктүн баарын сатып жибергенин билдирди. Кылмыш иши коомдо кызуу талкуу жаратып, создуктурууга жана жабууга аракеттер болгону кошумчаланды.
Жасалма диплом менен иштеген. Ысык-Көлдө Сот департаментинин жетекчиси кармалды