Ошто 13 жаштагы бала Ак-Буура дарыясына түшүп кетип каза болду

Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Ошто Ак-Буура дарыясына 13 жаштагы бала түшүп кетип каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ Төлөйкөн айылынан дарыяга түшүп кеткен өспүрүмдү ӨКМ, ИИМдин кызматкерлери, туугандары болуп 20дай киши издеген.
Бүгүн издөө иштери улантылып, тогуз куткаруучу, ИИМдин ички аскерлеринен 209 кызматкер, туугандарынан 24 адам, жалпы 254 киши тартылган.
Өспүрүмдүн сөөгү саат 12:55те табылып, туугандары менен милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.
Ош — Эркеч-Там жолунда фуралар сүзүшүп, эки киши каза болду. Видео