ЖК төрагасы ЕБ өкүлүнө өлкөгө сырттан баа бербей, келип көрүп кетүүгө чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. ЖК төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайсты кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Жолугушууда Тургунбек уулу Кыргызстанга карата чыгарылган айрым рейтингдик чечимдер жана айтылган пикирлер суроо жаратарын белгилеген.
"Биз демократиялык принциптерди бекем карманып, адам укугун жана сөз эркиндигин коргоого өзгөчө көңүл буруп келебиз. Айрыкча кыргыз парламенти ачык-айкындуулугу менен айырмаланып, жыйындарыбыздын бардыгы ачык өткөрүлүп келет. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө толук катышуу жана чагылдыруу мүмкүнчүлүгү берилип, алар депутаттарга жыйын учурунда да, жыйындан тышкаркы мезгилде да каалаган суроолорун бере алышат. Мындай мүмкүнчүлүк парламентаризмдин очогу саналган алдыңкы өлкөлөрдүн парламентинде да жок. Андыктан сырттан эле баа бере бербей, келип көрүп, өлкөбүздүн өзгөчөлүктөрүнө жана жүргүзүлүп жаткан соңку реформаларга да көңүл бурууга чакырар элем", — деди Тургунбек уулу.
Ошондой эле тараптардын ортосундагы алаканы кеңейтүү маселелери, инвестициялык жана миграциялык көйгөйлөр талкууланды. Тактап айтканда, спикер кыргызстандыктарга виза боюнча жеңилдиктерди берүү зарылдыгын белгиледи.
ЖК шайлоо системасын өзгөрткөн мыйзам долбоорун 1-окууда колдоду