Жолду капиталдык оңдоо: дагы эки көчөнүн айрым бөлүктөрү жабылат

Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Бишкек шаарында 20-майдан тартып Лев Толстой көчөсүнүн Калык Акиевден Яков Логвиненкого чейинки бөлүгү автоунаа кыймылы үчүн жабылат.
Мэрия аталган жолдор капиталдык оңдоодон өтөрүн айтышты. Ал эми Москва көчөсүнүн Жаш гвардия бульварынан тартып Асаналиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.
"Жолду капиталдык оңдоо маалында коомдук транспорттун кыймылы да өзгөрөт. Андыктан маршрутуңузду алдын ала пландап алууну өтүнөбүз", — деп элге шаар башкармалыгынан кайрылышты.
Аталган көчөлөр менен жүрүүчү коомдук транспорттор эми кандай маршрут менен каттай турганы боюнча маалымат өзүнчө берилерин айтышты.
Бишкек — Кант — Токмок жолу реконструкцияга жабылды. Видео