БИШКЕК, 16-май. — Sputnik. Киев Стамбулдагы сүйлөшүүнү оюн-тамашага айланткысы келди эле, бирок аракети ишке ашкан жок. Бул туурасында Россия ТИМинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошник Sputnik агенттигинин маалымат борборунда билдирди.
Анын айтымында, сүйлөшүү бир күнгө жылып кетти. Анткен менен Россиянын тынчтык орнотууга умтулуусун колдогон мамлекеттер көп.
"Экинчи тараптын сүйлөшүүнү кандайдыр бир шоуга айлантууга аракет кылганын көрдүк. Зеленскийге жакын форматка өткөрүп жиберүү аракети ишке ашкан жок. Жыйынтыгында Украина сүйлөшүүгө келе турган делегацияны бекиткенин билдирди", — деди Мирошник.
Ал Россия абалды жөнгө салуунун жолун издей турган олуттуу сүйлөшүүгө даяр экенин белгиледи.
"Бардык шартты түзүп бердик, калганы украин тараптан көз каранды. Алардын сүйлөшүүгө канчалык деңгээлде даяр экени эми билинет", — деди дипломат.
Эскерте кетсек, Россия менен Украинанын 15-майга белгиленген Стамбулдагы жолугушуусу өтпөй калган. Украинанын делегациясы сүйлөшүү өтө турган жерге келген жок. Жолугушуу бешинчи күнгө жылганы айтылды.